Токтоянда бозо салгандар көп. Жасалышынын оордугуна карабай, ден-соолукка тийгизген таасири зор, деп даярдап ичишет. Ал гана эмес күнүнө 20 литр өткөргөндөр да жок эмес.
«Биз бозону 2 айдан бери салабыз. Анча-мынча жаш балдардын каны аз, ошолорго атайын салып сатып жатабыз. Пайдалуу жактарын айта кетсек: канды жогорулатып, иммунитетти көтөрөт экен», — деди Кубат мырза.
«Жасап жатканда оорчулуктар деле туулбайт, көнүп алган кишиге оңой эле жумуш», -деп кошумчалайт ал.
Албетте мага бозо ичкен жагат. Бозо кыргыз элинин улуттук суусундугу, ата-бабаларыбыз ичип келишкен. Мисалга алсак адамды чыйрак кылат жана дагы кызылчачы оорусуна пайдалуу экенин жа угуп калдым эле дейт», — 10-класстын окуучусу Апсамат Молдакунов.
Автору:Адина Осмонова