Тилекке каршы азыркы учурда коронавирус оорусу күчөп жатат. Айыл ичинде жакын тааныш адамдар ооруп айыкканына баарыбыз эле күбө болуп келебиз. Бүгүн дүйнөнү каптаган каргашалуу илдеттен айыгып, оор күндөрдү башынан өткөргөн каарманыбыздын абалын сурап билдик.
Айылдын тургуну Алымкан Искендерова ушул жылдын март айында ооруга чалдыккан. Азыркы абалы, оорунун башталышы жөнүндө мындайча айтып берди.
«Коронавирус оорусу менен ооруп бир нече айдан бери сыртка чыккан жокмун. Оору абдан күтүүсүз кармады, алгач кадимки сасык тумоого деп ойлогом, үйдөн дары ичип, бирок температурам түшпөгөндөн улам дарыгерге кайрылдым, алар мага антибиотик жазып суусундукту көп ич деп кеңеш беришти. Бирок ал да жардам бербегенден улам мени рентгенге жөнөтүштү. Сокулукка рентгенге бардым, тест тапшырдым. Жыйынтыгында ковид жуктуруп алганымды билдим.
14 күн ооруканада дарыланып андан соң үйгө карантинге алындым. Үйдөн кызым бир бөлмөгө карап эч кимди киргизбей тамак- ашын берип жатты. Баарынан да үй — бүлөмө жакындарымдын ооруп калышына кооптондум. Андыктан, дарыгердин айткандарын баарын аткардым.
Ал эми азыр бардык кыйынчылыктар артта калды. Дарыгерлердин берген кеңешин аткарып иммунитетимди көтөрүүгө аракет кылып витаминдүү тамак –аш ичүүгө көнүл буруп жатам.
Той – ашка, эл көп жыйналган жактарга барбайм. Үйдө короо иштери менен алектенип жатам. Оору күтүүсүз жерден, айттырбай келет эмеспи, бардык адамдарга чын ден-соолук каалап, өзүңөрдү жана жакындарыңарга жакшы карагыла демекчимин.
Коронавирустан айыгып чыккан жарандар ден- соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактануусу керек»- деп билдирди.
Интернет булактарынан алган маалыматтарга таянсак, адам күнүнө 500 гр дан кем эмес жашылча — жемиштерди, 150 гр табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча —жемиштердеги витаминдердин рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот.
Туздун көлөмүн азайтуу зарыл
Ооруган адам тузду 5гр дан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.
Суюктук 1,5 литрге чейин чектөө керек
Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде, дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин ичүүгө болот.
Куш эттерине көңүл бөлүңүз
Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен жасалган, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорполорду бир жумада эки жолу берүүгө болот. Куш эттери: тоок, үндүк эттерине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу керек. Бул азыктарда омега 3 май кислотасы бар.
Витаминдер көбүрөөк сунушталат
Алар организдми кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат катары же кошумча тамак-аштан колдонсо болот. А витамини пайдалуу болгон суюк майларда: оливка жана башка майлардан табууга болот.
Жашылча-жемиштерди көп колдонуу сунушталат
Момуналиева Нурзат