Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында КОВИД-19 оорусунун саны күндөн — күнгө көбөйгөнүн улам жергиликтүү органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө киришти.
Айылда коронавирус менен ооругандардын саны тез өсүүдө. Эч ким былтыркы жылдагы айыл экономикасынын төмөндөшү ошондой эле жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт.
Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын отурумундагы протоколдун негизинде Кызыл -Туу айыл аймагында коронавирус оорусунун күчөп кеткенине байланыштуу бардык мечиттерде жамаат менен чогулганга, той – аштарды өткөзүүгө, көпчүлүк элди чогултууга тыюу салынды. Ушул тескеменин негизинде эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине атайын тапшырмалар берилди.
Кызыл — Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Валентина Шатемированын айтуусунда: «Биз күн сайын айылдагы соода түйүндөрүн барып санитардык эрежелерди сактоосуна жана маскасыз тургундарды киргизбөөсүн эскертип абалды түшүндүрүп жатабыз. Ошондой эле, айыл ичине айыл башчылар рейд жүргүзүп той –аштарды убактылуу токтоп туруусун, эгерде адамдар ооруп калган учур болсо дарыгерлерге кайрылуусун эскертип жатышат. Айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер менен тыгыз байланыштабыз. Эгер адам ооруп калса тез арада дарыгерлерге кайрылышын айтып келебиз. Ал эми айыл тургундарына өтө зарыл болгон гана учурда былтыркы жылдан калган май ун жана башка продуктылар менен гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Иштин туура жана так аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Сталбек Мусаев өзү көзөмөлдөөдө», — деп билдирди.
Нурзат Момуналиева