Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп, райондун акими жана айыл өкмөт башчылардын катышуусунда элдин көйгөйлөрү угулду жана жасалып жаткан иштер бонча отчеттор берилди.
Таалайбек Ишенбекович Сокулук районунун акими-
“Орок айыл өкмөтүндө жылына бир жылда бир өтүүчү айылдык жыйын өкөрүлдү. Бул жыйында район жеткчилери келип элдин көйгөйлөрү менен таанышып, суроолорго жооп бердик. Чодуев Уран 4-ай ичинде элдин социалдык суроолорун чечүү жолдорун изденүү менен аракет кыла баштады. Орок айыл өкмөтү дотациядагы өкмөт ошого карабастан, Уран Казымбековичке биз ишенебиз өз ишин ийгиликтүү алып баруусуна”,- деп оюн билдирди.
Эдита Каныбековна Күн- Туу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы-
“Айылдарда элдик жыйын болууда. Жыйынга Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Ишенбекович жана бардык мекеме жетекчилери да катышууда. Мекеме жетекчилери эл менен жолугушуп. Элден чыккан көйгөлөр менен таанышып, мындан тышкары социалдык- экономикалык планы боюнча айыл өкмөтү бекитип берген 2018- жылдын отчёту угулууда жана 2019- жылга айыл өкмөтүнүн алдыга койгон пландары таанышылууда. Бугүнкү биз Орок айыл өкмөтүнүн Жал айылда өтүлгөн жыйынга катыштык. Айыл өкмөт башчысы Чодуев Уранга ийгилик каалайм”,- деп айтты.
Чодуев Уран Орок айыл өкмөтүнүн башчысы:
“Чогулушта 2018- жылдын отчётту угулуп жана 2019- жылга иш-пландар боюнча талкуу болду. Биздин айыл өкмөтүндө 8 айыл, 4 жаңы коңуштардын тургундары жашашат. Бүгүнкү жыйында мен эң негизги бюджет казынаны көтөрүү максатында жана инвестиция тартуу, келечекте мектептерди, мектепке чейинки мекемелерди, спорт-комплекстерди салганга пландары айтылды. Эл менен, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте ийгиликке жетишебиз деп ойлойм”- деп оюн билдирип өтү.
Даярдаган: Элана Батырбекова, Адилина Жанболотова