Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн 2017-жылы бүткөрүлгөн иштери жөнүндө элге маалымат берилди . 22-январда болуп өткөн элдик жыйында Сокулук районунун бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү катышты.
Элдик жыйында тургундардан 78 адам, мектеп, бала бакча жетекчилери катышты. Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары- Садалиев Улан Шейшенбкович, Чуй облусунун губернаторунун биринчи орун басары- Аширбаев Эркинбек Токтогонович жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппараттык жетекчиси- Осмонов Мурат Мукашбекович катышты. Элдик жыйында көптөгөн кызыктуу суроолор берилди. Тургундар суу, столба, жер жана электр жарыгы жөнүндө кызуу талкуу кылышты.
Орок айылдык кеңешинин жоопту катчысы Майя Маделиева буларга токтолду:
“Орок айыл өкмөтүндө 8-айыл: Сарбан, Жал, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Кашка-Баш, Селекция, Плодовое жана Калтар жана 2-мектеп,1-ГСВ, 2-ФАП, 1-бала-бакча, 4-кирпич завод, 1-карьер, 3-кафе, 3-магазин, 12-павильон карайт. Элдин саны- 10035 адам. Киреше бөлүгүнүн аткарылышы бекитилген план боюнча -8млн 787миң 900сом, аткарылышы – 11млн 525миң 400сом бул — 131,2пайызга аткарылды”,-деп айтты.
Орок айылдык кеңешинин башчысы Урмат Чодуев:
“ 2018- жылга жергиликүү бюджеттин киреше булагы 11 млн.877миң сомду түзөтанын ичинен теңдөө гранты боюнча-1млн 758миң сом. Социалдык маселерди чечүү үчүн: 1млн сом техникага жана гараж , айыл өкмөтүнүнүн тегерегин оңдоп түзөө иштерине, 750 миң сом көчөлөрдү оңдоп түзөөгө, 700миң сом Төмөнкү Орок айылына курулуп жаткан спорт залына дубалын тургузуу үчүн жумшалат. “Ассалам” кайрымдуулук фонду менен инвестициялоо жолу менен төмөндөгү иштер пландалып жатат”-деди.
Даярдаган: Мээрим Барманова, Гулайым Адылбек кызы