Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Джаныбеков Азат Максатович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Орок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты шайлоого катышып, Азат Джаныбеков 18 добуш менен шайланды.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын өмүр баяны
Джаныбеков Азат Максатович 20-октябрь 1982-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
1989-1996-ж.Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде билим алган.
1996-1999-ж.Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук лицейинин курсанты.
1999-2003-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетин Европалык өнүгүү институтунун студенти.
2007-2013-ж. Кыргыз Мамлекеттик Ишенаалы Арабаев атындагы Гумманитардык билимдер институтунун студенти.
2008-2010-ж.”Замандаш” саясий партиясынын Чүй облустук комитетинин милдетин аткаруучусунун төрагасы.
2008-2012-ж. Сокулук райондук кеңешинин ххv-чакырылышынын депутаты, бюджеттик комиссиясынын мүчөсү.
2014-ж. Касым Тыныстанов атындагы коомдук фонддун аткаруучу директору
2014-2016-ж. “Зергерлер союзу жана Кыргыз республикасынын ишкерлер” бирикмесинин аткаруучу директору.
2019 – ж. “Тамчы кж” жоопкерчилиги чектелген уюму аткаруучу директору.
Үй – бүлөлү, 1 уул, 1 кыздын атасы
Орок айыл өкмөтүндө шайлоо күнү
Динара Султаналиева