2026-жылы ыйык Орозо айы 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Быйылкы Орозо 29 күнгө созулуп, 19-мартта аяктайт. Ал эми Орозо айт майрамы 20-мартка туура келет.

Кара-Суу айылынын имамы-Үсөн Койлубаев
Орозо айынын башталышы жана анын пайдалары тууралуу Кара-Суу айылынын имамы Үсөн Койлубаев жана айыл тургундары менен маек уюштурулду. Кара-Суу айылынын имамы Үсөн Койлубаевдин айтымында, орозо кармоо адамга руханий жана денелик жактан чоң пайда алып келет.
“Орозонун денеге тийгизген таасири чоң. Ашказан эс алып, организм тазаланат. Ошондой эле руханий тарбия берет”, — деди ал.
Имам белгилегендей, шариятта айрым себептерден улам орозо кармоого уруксат берилбеген учурлар бар. Айрыкча дарыгер тыюу салган адамдарга жеңилдик каралган.

Айыл тургуну-Шайыркүл Жетигенова
Айыл тургуну Шайыркүл Жетигенованын айтымында, ал орозону беш жылдан бери кармап келет. “Орозо ден соолукка пайдалуу. Мусулман адам үчүн бул парз”, — дейт ал.

Айыл тургуну-Эдилбек Чортоев
Дагы бир тургун Эдилбек Чортоев орозону эки жылдан бери кармап жүргөнүн белгиледи. Анын айтымында, орозо учурунда организм тазаланып, кан басым нормалдашат.
Белгилей кетсек, Орозо айы жыл сайын ай календарына ылайык болжол менен 10 күнгө жылып турат.
Ыйык айда мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин ооз бекитип, сабырдуулукка, кайрымдуулукка жана руханий тазаланууга умтулушат.
Даярдаган: Арзымат Токтобеков