Суу менен камсыздоо системасын куруу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору тарабынан ишке ашырылган.
Бүгүн, 18-июлда өткөн иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дамир Кулубаев, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков, долбоордун координатору Эрлан Корчубай уулу, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Кеңеш айылында 30 жыл мурда курулган суу менен камсыздоо системасы жарактан чыгып калган болчу. Суу түтүктөрү тешилип, кудуктарга суу толуп калган. Ал эми Пор айылында суу менен камсыздоо системасы такыр болгон эмес. Айыл тургундары сууну булактардан ичүүгө аргасыз болгон.
Айылдар долбоорго киргенден кийин, долбоордук-сметалык документацияга ылайык түзүлгөн техникалык чечимдер айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү тарабынан каралып, макулдашылган жана 2020-жылы курулуш компаниясын тандоо боюнча тендердик процедуралар башталган.
Жаңы суу системасын курууда жалпысынан 45,84 млн сомго төмөнкү иштер жасалган:
• Кеңеш айылында суу скважинасын, эки суу кампасын жана насосторду куруу жана суу түтүктөрүн орнотуу;
• Пор айылында суу скважинасын, эки суу кампасын, суу кампасына суу жеткирүүчү негизги түтүктү, насосторду куруу жана суу түтүктөрүн орнотуу;
Суу системасынын курулушунун натыйжасында, жалпысынан эки айылдын 4374 жашоочусу таза суу менен камсыз болду.