Соң-Көл айыл өкмөтүндө бир нече жылдан бери Кең-Суу маданият үйүндө саналуу гана кызматкерлер эмгектенет. Маданияттын мыкты кызматкери Сабира Сарыгулова маданият үйүн жетектейт. Акыркы жылдары маданият тармагына Айылдык Кеңештин депутаттары акча каражат бөлүп алгылыктуу иштер аткарылып келе жатат.
«2022-жылдын январь айынан бери маданият үйүндө бир нече иш-чаралар өткөрүлүп келе жатат. Ар бир белгилүү күндөрдү ыр-бийдин коштоосунда чакан концерт уюштуруп жатабыз» — дейт Кең-Суу маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Салтанат Абласова.

Салтанат Абласова көркөм жетекчи
Чукулда эле Кочкор районун Аялдар Кеңеши тарабынан «Ак терек,көк терек-аялзатына не керек?» деген темада айыл өкмөттөр аралык таймаш өткөрүлгөн, мына ошол таймашта «Соң-Көл» тобу финалдык турга өтүшкөн. Бул таймашка жалпы тогуз айым катышкан, алар маданият тармагында иштегендер жана айылдан чыккан таланттуу айымдар. Сынактын максаты айымдарды коомчулукка аралаштыруу болгон. Сынакка айыл тургундары демөөрчүлүк кылышса, Айылдык Кеңештин депутаттары 40 000 сом акча каражаттын бөлүп беришкен, көрсөтүлгөн суммага катышуучулар өздөрүнө ылайык кыргыз кийимге буйрутма берип, тиктирип келишкен.

Сынак учуру жана буйрутма менен келген кыргыз кийимдери
Андан сыркары Кең-Суу айылдык маданият үйүндө кол өнөрчүлүк боюнча жана комуз, бий кружоктору иштейт. Бий кружогуна мектептин мыкты окуучулары катышып, райондук деңгээлдеги сынакта 2-орунду багындырып келишкен. Комуз кружогунун катышуучулары буюрса өз өнөрлөрүн чукулда тартуулашат.

Кол өнөрчүлөрдүн эмгектери
«Ошондой эле Кең-Суу маданият үйүнүн концерттик залында атайын кийинүүгө ылайык жер болгондуктан, ага Айылдык Кеңештин депутаттары 150 000 сом акча каражатын бөлүп берип учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бул курулуш иштери бүтүп калса концерт коюудагы кыйынчылыктар бир аз азаят»-дейт Салтанат Абласова.

Курулуш иштери толук бүтө элек
Алдыда «Кымыз фестиваль-2022», «Китепканачынын ишмердүүлүгү» аталышындагы иш-чараларга даярданып жатышканын, андан сыркары август айында айымдар арасындагы финалдык таймашта ийгилик жаратаарын кошумчалай кетти.
Бурул Майрамбек кызы