Республика боюнча СПИД оорусун жуктуруп алгандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, өлкөдө жалпы анализ алуу иш-чарасы башталган. Бул иш-чара Төлөк айылында да жүрүп жатат. Айыл тургундарына доктурлар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анализ берүүгө өз каалоосу менен келгендердин саны күн санап өсүүдө.
СПИД илдети боюнча Төлөк айылында катталып, ооруган адам жок. Бул боюнча №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед.айымы Гүлбарчын Өмүрова билдирди. Анын айтымында айылда жалпы 53 адам анализ тапшырды. Анализ алууда эки код менен алынат биринчиси 113 коду, экинчиси 106,1. Толук маалыматты төмөндөн уга аласыздар!
Бурул Майрамбек кызы