Төлөк айылына америкалык инвестор тарабынан таза суунун резервуарына атайын Испаниядан хлоратор алынып келинип бугүнкү күндө коюлууда. Бул иш-чара жазында суулардын курамын текшеруудөн улам келип чыгып, толугу менен оңдоо иши керек экендиги аныкталган.
“Соң-Көл” айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ Көк-Тай булак таза сууга айылыбыздын “Ардактуу атуулу” Абдымамыт Садыковдун балдарынын иш аракетинин негизинде америкалык инвестор Грейг Фудс инженердин жардамы менен Төлөк айылына 8000 долларга Испаниядан ХЛОРАТОР алынып келинип, бүгүнкү күндө аны орнотуу иштери жүрүп жатат.
Буга чейин бул инженерлер май айында келип суунун курамын текшерүү үчүн суудан алып кетип, аны атайын америкадан изилдеп келген. Ошондой эле таза суу качан курулганы боюнча да маалыматтарды топтоп кеткен. Анда курулган иш эскирип калганы аныкталган.
«Таза суунун курамы буга чейин көп текшерүүлөрдөн өткөн, мөңгүдөн агып келген суу резервуардан чыпкаланып айыл элине ошол жерден тарап турган. Бирок, суунун тазалыгына 100 пайыз кепилдик берилбегендиктен, боор оорусу жана ичеги-карындагы курттардын болушу айыл ичинде барган сайын көбөйө баштаган. Эми минтип коюлган хлоратор элдин үмутүн илгерилетип жаткан учуру. Эл эми суунун тазалыгынан күмөн санашпай колдоно берсе болот»-дейт таза суу боюнча айылдык кызматкер Салтанат Абласова.
Айпери Марлес кызы