Ооган согушун эскерип, окуучулардын патриоттук сезимдерин тарбиялоодо Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Орок айыл өкмөтүнүн Селекция айылындагы Орок орто мектебинде 10-февраль күнү салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Рахат Дүйшеналиева Орок орто мектебинин директору:
«Бүгүн биздин Орок орто мектебинде Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда «От болуп жанган Ооган апааты» деген темада тарбиялык иш-чара болуп өттү. Окуучуларга тынчтыктын, бейпилдиктин мааниси терең экендигин баса белгилеп айттык. Иш-чарада Орок айыл өкмөтүнүн Ооган согушунун ардагерлери катышып, окуучуларыбызга эч качан согуш болбосун, тынч, бактылуу балалыкта жашоолорун өз каалоо-тилектеринде билдиришти”,-деди.

Бий «Саймалуу таш» 8-класстын кыздарынын аткаруусунда

Эстелик үчүн сүрөт
Окуучуларды Ата Мекенди сүйүүгө, мекендин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошууга жана жоопкерчиликтүү болууга тарбиялоо.
Берметкан Исабекова, Алия Исакова