Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.
Гулсана Джаныбекова Р.Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими:
«21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата жарыяланган сынак 3 этаптан турду.
1-этап мектеп ичинде көркөм окуу боюнча 9-11 класстын окуучуларынын арасында 8 окуучу катышып, кийинки турга 4 окуучу өтүштү. 2-этабында эне тил жөнүндө 9-г класс Нурматова Альбина, 10-класс Абибулаева Мураскан, 11-а класс Акжолтоева Кадича, 11-б класс Гончарова Наталья 3 мүнөттүк ырды көркөм окуп, видеого тартып жөнөтүштү. 15-февраль күнү Сокулук районунун Гавриловка орто мектебинде 3-этап өткөрүлдү. Район боюнча жалпысынан 28 окуучу катышты.
“Эне тилди сактоо үчүн кошкон салым” деген темада биздин мектептин окуучулары Нурматова Альбина 9-г класс, Акжолтоева Хадича 11-а класс дил баян жазышты».
Окуучуларга эне тилин үйрөтүү, аны өнүктүрүү үчүн салым кошуу менен бирге “Эне тилди даңазалайлы, сактайлы!”.
Берметкан Исабекова, Раяна Доктурбаева