Дүйнө жүзүн каптаган ковид илдетинен улам пайда болгон пандемия экономикага, ишкерлерге таасир этти. Өзгөчө айыл жеринде жашаган элеттиктер алектенген чакан ишкерлик дээрлик токтоп калган. Учурда абал кандай, бул абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек ушул жана башка суроолорго жооп издеп көрдүк.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, жеке ишкер Алмаш Сыдыкова пандемияда жумушун токтотууга аргасыз болгон. Учурда абал турукташып калганы менен баалардын өскөнү ишкерликти дагы аксатууда. Бирок, ага карабай ишти улантып жатышканын айтат Сыдыкова:
«Мен Суусамыр айыл аймагынан 153 чакырымында жайгашкан Бишкек-Ош жолунда ашкана, мейманкана иштетем. Пандемия учурунда жумушубуз кыйла үзгүлтүккө учурады. Карантин болуп жол кыймылы токтоп, кирешесиз үйдө отуруп калдык.”
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуну тургуну Алмагүл Масылканова 20 жылдан бери чакан ишкерлик кылат. Айыл жеринде ишкерлик кылуу ошол аймактагы элдин экономикалык жашоо шартына байланыштуу:
“Ишкерчилик кылуумдун максаты жумушсуздук болгон. Ошондой эле ак эмгек менен мээнеттенип, акча тапканды жактырам. Элге керектүү нерселер менен камсыз кылууну көздөйм. Алып келген товарлар пенсияга пособияга, ар кандай айлыктарга биз карызга беребиз. Тараткан карыздарыбыз, кээ бир убактарда ала албайсың. Ар кандай учурлар көп болот. Азыркы пандемияга байланыштуу соодабыз кичине солгундап калды”.
Нарын облусунун Баетов айылынын тургуну жеке ишкер Гүлзада Токтогулова пандемия учурунда насыяларды төгө албай кыйналганын айтты:
«Негизи пандемия башталгандан бери соода иштери мурдагыдай болбой калды. Эл карыздарын бере албай, биз насыя төгө албай кыйналдык. Карызга берип койсо, азык-түлүккө акчасы жок калат. Айтор пандемия дагы, кымбатчылык дагы элди ар тараптан кысымга алып баратат».
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 2 чакан ишкана бар. Алардын бир кийизден түрдүү буюмдарды жасаса экинчиси табийгый чөптөрдөн, гүлдөрдөн самын даярдашат. Кийиз буюмдарын өндүргөн “Ак Шоола” жамаатынын ишкер айымдарынын бири Гүлжамал Байботоева мурдагыдай чет өлкөдөн ири өлчөмдөгү буйрутма келбей калганын айтты:
“Бизге чет өлкөдөн көп өлчөмдө буйрутма келип түшчү пандемиядан улам заказдар токтоп калды. Бирок биз жергиликтүү малдын жүнүн кайра иштеткендиктен айылдагы элге Кыргызстан ичинен келип түшкөн буйрутмаларды гана даярдап жатабыз.”
Табийгый самындарды өндүргөн “Бугу-Эне” жамааты дагы ушундай эле абалда. Аталган ишкананын өкүлү Анаркүл Эсенбаева ковидден улам туристтер дээрлик келбей калгандыктан кардарлар дагы кескин кыскарганын айтат:
“Биздин товарларды негизинен чет өлкөдөн келген туристтер алышчу. Пандемиядан бери алар келбей калгандыктан иш мурдакыдай болбой убактылуу токтоп турат. Учурда заказ аз гана өлчөмдө келип жатат.”
Пандемия кесепети бир гана Кыргызстанда эмес дүйнөдө ишкерлердин ишин солгундатты. Бирок, ага карабай адистер жеке ишкерлердин өндүргөн продукцияларын, иштеткен бизнестеринин сапатына көңүл буруп жаңылыктарды киргизүү үстүндө иш алып барууну сунушташат. Ошондой эле өндүрөн товарларын онлайн түрдө сатуу ишине көңүл буруп интернет желесине жайгаштыруу натыйжалуу деп эсептешет.
Аймактарда эмдөө иштери кандай жүрүп жатат?
Аймактардагы ишкерлер үчүн “Айылдык Табышкер” долбоору өтүүдө
Айгерим Кубатбекова