Жаңы 2021- 2022 окуу жылында мектептер окутууну салттуу түрдө баштоо мугалимдер 70- 75 % COVID- 19га каршы алышы керек экендигин билим берүү министирлиги эскертти.
Ташбаева Чынара география мугалими-
«Вакцинация азыр дүйнө жүзүндө болуп жаткан COVID- 19 илдетине каршы эмдөө болуп саналат. Коомдогу көпчүлук адамдар анын ичинде мугалимдер да интернеттеги ар түрдүү маалыматтар менен таанышып вакцина зыян, албаш керек деген ойлорду билдирип жатышат, бирок менин жеке оюм вакцина бизге пайдалуу. Себеби биздин ден- соолугубуз, иммунитетибизге жараша болот. Бул тууралуу дарыгерлер да бизге түшүндүрүп беришти. Окуучулар менен иштөөдө өзгөчө мугалимдер, коомдо агартуучулар жана мамлекеттик иште иштеген ишкерлер сөзсүз вакцина алыш керек деп ойлойм.
Себеби канчалык көп адам менен байланышта болгондо, адамдын ден- соолугу чың болсо өзүнө- өзү ишенип башка бирөө менен да мамила түзө алат. Өзгөчө азыркы кырдаалда ден-соолукка кам көрүп, вакцина алыш керек деп ойлойм. Мен өзүм кооптонуп жүргөм, бирок айлана- чөйрөмдөгү жакын адамдарым эмдөө алгандарын билип, баарлашып көрүп, кеңештерин угуп өзүм үчүн чечим кабыл алып вакцина алдым»,- деп оюн билдирди.
Токтогулов Баймурза математика мугалими-
«Азыркы учурда кырдаалга карата баарыбыз өзүбүздү- өзүбүз сакташыбыз керек. Мугалимдер 70- 75% эмдөөдөн өтсөк, салтуу түрүндө окуу болот дегенге макулмун. Интернет булагындагы маалыматар ар түрдүү болду. Бири үндөсө, бири вакцинага каршы ойлорун билдирген ар түрдүү ойлор менен мен да таанышмын. Бирок өзүм чечим чыгарып бүгүн биздин айылдын үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып биринчи вакцина алып келе жатам. Мына колумда «Победим COVID-19″- деген вакцина алган тууралуу кагазым»,- деди ал.
Жакыпова Назгүл химия мугалими-
«Өлкөбүздө COVID-19 илдетин жеңип чыгуунун максатында азыр эмдөө жүрүп жаткан убак. Мамлекеттин көйгөлөрүнүн бири бул билим берүү тармагы болгондуктан, мектептерд ачуу жана окуунун офлайн форматына өтүү маселеси курч турган мезгил. Ошол эле учурда мектептин ачылышы мугалимдер арасында вакцинация жыйынтыгына байланыштуу экендигин айтылып жатат. Менин оюмда вакцинация коллективдик иммунитет үчүн керек деп эсептейм. Учурда вакцина алуу ар бир адамдын ден- соолугуна байланыштуу. Мисалы, мен ала албайт экенмин. Өнөкөт оруларым бар болгондуктан. Ал эми ден- соолугу чың жарандар алса жакшы болмок эле, бул COVID- 19 илдетин жалпы жеңип чыгууда жардам болот деп эсептейм», — деди.
Ууржан Молдокулов