Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында эмдөөнү биринчилерден болуп мед кызматкерлер жана мугалимдер алышты. Азыркы убакта мугалимдердин 90% эмдөөдөн өтүшкөн. Себеби бул адамдар башкаларга салыштырмалуу көп адамдар менен тыгыз байланышта болушары баарына маалым.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин эмдөөдөн өткөн мугалимдери төмөнкүлөргө токтолушту:
«Ар түрдүү соц тармактардагы туура эмес ойлорго карабастан мен ковид оорусуна каршы эмдөөдөн туура түшүнүү менен эле өттүм. Себеби менин оюм боюнча вакцинаны алышыбыз керек деп эсептейм. Биринчиден, гриппке деле вакцинаны сайдырганда гриппти жеңил өткөрөбүз. Демек, өз ден- соолугубузга кам көрүш керек.
Экинчиден, мугалим болгондуктан биз балдар менен иштейбиз. Бул да эң башкы себептердин бири. Алар биздин келечегибиз. Балдардын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Алардын ден- соолугун тобокелдикке салбаш керек деп эсептейм.
Үчүнчүдөн, өзүбүздүн жакындарыбыздын ден- соолугу да биз үчүн эң кымбат. Бул ооруну биз алып жүрүүчү катары да болушубуз мүмкүн. Жакын адамдарыбыздын өмүрүн тобокелдикке салбаш керек. Мен бардыгы тең эмдөөдөн өтсө ооруну тез жеңет элек деп ойлойм. Бардыгын эмдөөдөн өтүшүнө чакырат элем. Эмдөөдөн өткөндө ден соолугумда кыйынчылык деле болгон жок. Кээ бирлери эмдөөдөн оорудук дешет. Ал балким адамга байланыштуу го. Мурда өнөкөт оорусу барлар болушу керек же иммунитет төмөн болгондор үчүн оор болсо керек»,- дейт Айнур Малабаева.
Сымбат Кочкорбаева: «Мен вакцинаны май айында жана июнь айларында алдым. Чынын айтсам, аларда аябай корктум. Себеби, «Вакцинаны алгандан кийин эски оорулар козголот экен, бир же эки жылдан кийин инсульт, инфаркт алат экен»,- деген сөздөрдү көп уктум. Бирок ага карабастан эмдөөдөн өтүүнү туура көрдүм. Анткени вакцина алганда, кандайдыр бир себептерден улам ооруну жуктуруп алган болсок, орууну жеңил өткөрөт экенбиз. Вакцина алганда өзүмдү жакшы сезим жүрдүм. Биринчи байлык ден- соолук демекчи, элдерди эмдөөдөн өтүүгө чакырам.»
Гүлү Касымалиева: «Мен вакцина алгандан кийин өзүмдү кадимкидей эле сезип жаттым. Эч кандай организимимде өзгөрүү болгон жок, дене табым көтөрүлгөн эмес, шалдырап алсыроодон да алыс болдум. Болгону ийне сайылган жерде гана бир аз тызылдаган сезим болду.»
«Мен вакцина алдым, азыр жакшымын буюрса. Алгандан кийин эч кандай оору, синдром, грипп болгон жокмун. Вакцина алгандан кийин адам кандайдыр бир себептерден ооруну жуктуруп алган болсо, вакцинанын жардамы менен ооруну жеңил өткөрөт деп ишенем. Социалдык тармактарда вакцина боюнча ар кандай терс маалыматтар таралып жатат. Мисалга алсак, магнит жабышып калат, вакцина менен бирге чип орнотуп коюшат деген сыяктуу. Мен көбүнчө буларды фейк деп билип калдым жана да мындай нерселерге ишене бербейм. Мен элдердин мындай маалыматтарды таратуусун да, көрүүдөн да баш тартуусун каалайт элем»,- дейт Нурайым Тоюнбек кызы.
Клара Абдыкадырова: «Мен Клара Абдыкадырова, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. Ковид- 19 пандемиясы башталыптыр деген кабар тарап, андан кантип сактануу, дарылануу боюнча толук маалымат жетпей, убара болдук эле. Ачып көздү жумганча бир топ убакыт өтүп, коркуу сезимдер менен вакцинасы качан чыгат деп күтүп, акыры вакцина чыкканына да бир топ убакыт болду.
Бирок эмнегедир ишенип ишенбөө сезимдери, социалдык тармактарда ар түркүн кептердин жүрүп жаткандыгы элди дүрбөлөңгө салды. Өзүбүздүн мамлекет элге кантип эле ден- соолукка зыян алып келчү вакцинаны сайдыргыла деп кыйнашсын. Элибиз аман калсын, оор жоготуулар болбосун, ооруну алдын алуу керектигин түшүндүрүү менен вакцина сайыла башталгандыгын түшүнүп, мен эки жолку СиноФарм вакцинасын алдым. Биринчи алганымда колум кичине талыкшып эле ооруду. Ал эми экинчисинде эч кандай өзгөрүүнү байкаган жокмун. Кадимкидей эле күнүмдүк оокатым менен алек болуп өтүп кетти. Вакцинанын эч коркунучу жок экенине элди ишендирип кетет элем. Мен уккандан кайсы бир өлкөдө элинин 70% вакцина алып, кайрадан эркин жашоого киришкен. Жакшы жагын айтып, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп, элибиз вакцина алып, биз да баштагыдай жашоого келсек экен деп тиленем.»
Акылай Алмазбекова