Пандемия кандай таасир тийгизгендиги тууралуу Ош Мамлекеттик университетинин, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери өз ойлору менен бөлүштү. Алардын айтымында көпчүлүк студенттер коронавируска байланыштуу жайкы каникулда чет өлкөгө бара албай калышкан.
Айсулуу Салиева пандемия шартында аралыктан окутуу ага көп терс таасирин тийгизип жатканын билдирди:
«Бир күндүк убактыбыз телефон, компьютер жана башка техникалык каражаттар менен эле чектелип жатат. Бул деген албетте биздин ден- соолугубузга терс таасирин тийгизбей койбойт:
1. Көрүүбүздү начарлатышы толук мүмкүн
2. Кан айлануу начарлайт
3. Баш оору пайда болот…
Интернет байланышы айыл жершесинде начар иштейт. Кээ бир аймактарда электр жарыгы өчүрүлсө, интернет байланышы кошо үзүлөт, демек сабакка ар дайым эле катыша албай калабыз. Башка ушул сыяктуу себептер оюбузду бир жерге топтоп, көңүлдү сабакка коюубузга тоскоолдук кылат».
Ситорабону Артикбаева:
«Ковид-19дун жакшы да жаман да таасирлери болду. Жакшы жагы квартира, тамак-аш, жол киреге акча кетирбей үйдөн окуп, ата- энебизге жардам көрсөтүп жатабыз. Жана ошондой эле онлайн окуу, онлайн бизнес, техникаларды колдонуу карантин ичинде өнүктү.
Бирок азыркы учурда күнүнө 5-6 сааттап телефон, планшет жана компьютердин алдында отурган студенттерде ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн. Аралыктан окутууда тапшырмаларды интернеттен таап аткарып өзүбүздүнн башыбызды иштетпей койдук. Бул Кыргызстандын билим сапатынын төмөндөп кетишинин бир себептеринен болот деп корком».
Насиба Кудайбергенова:
«Коронавирус менин жашоомо өтө чоң өзгөрүүлөрдү киргизди. Баарыбыз эч жакка чыга албай, досторубуз менен жолуга албай калдык. Мен аябай активдүү болгондуктан, мен үчүн кечке үйдө отуруу кыйын болду. Бизге тийгизген оң таасири — үй-бүлѳлүк баалуулуктарды аябай билдик. Мурун ата-энем кечке иште болсо, мен сабакта болуп, бири- бирибиз менен көп убакыт өткөрбөйт элек. Карантин убагында баарыбыз үйдө болгон үчүн бири-бирибизди жакшы билип калдык. Көпчүлүккө тийгизген терс таасири окуу жагынан болду, аралыктан окуган үчүн мен жакшы билим алдым деп айта албайм».
Айдана Таалайбек кызы:
«Ковид-19 студенттерге чон залакасын тийгизди. Себеби, бардык окуу жайлар жабылып каникулга кетишти. Сабактар онлайн аркылуу болуп жатат экзамендер тапшырылып жатат. Бирок аралыктан окуунун дагы оң жана терс таасири бар. Терс жактары көбүрөөк. Оң жагын айта турган болсом, үй- бүлөндүн жанында айылдагы жумуштарга да, окууга да жетишсен болот. Ал эми терс таасири болсо, кээ бир айылдарда интернет жакшы иштебейт.
Андан сырткары, мугалимдерден толук жакшы маалымат, тажрыйба алып үйрөнүү кыйын. Быйылкы биринчи жана төртүнчү курстун студенттери үчүн да өтө оор болду деп ойлойм, себеби, жаңы аттап келген биринчи курстун студенттери көп нерсе менен таанышпай, бири- бирин көрүшпөй аралыктан окуп жатышат. Ал эми бүтүрүүчүлөргө болсо бүтүрүү кечесин уюштуруу мүмкүнчүлүгү болгон жок»,-деп билдирди.
Студенттин ийгилиги: Германияга виза ала электе, Кыргызстандагы окуумду таштап салгам
Аймончок Кожонова