Казан-Куйган айыл аймагында болжолдуу түрдө жылына 25-27 аял кош бойлуулугуна байланыштуу атайын учетко алынып турат. Акыркы жылдарда кош бойлуу аялдардын саны мурдагы жылдарга эле окшош болгон.
Медайымдардын айтымында пандемия учурунда кош бойлуу аялдардын саны кескин азаят деп ойлошкон. Мунун себеби катары, “Вирус күч алып жаткандыктан аялдарга коркунуч алып келет”,- деген ишеним пайда болгон. Казан-Куйган айылындагы борбордук ооруканада иштеген медайым Гүлжан Акматова төмөндөгүдөй билдирди:

Казан-Куйган айылындагы оорукананын медайымы Гүлжан Акматова
“Пандемия башталгандан тартып эле айыл тургундарына өзүн туура алып жүрүү, аралыкты сактоо, санитардык-гигеналык режимдерди туура кармоо боюнча атайын сабактар өтүлүп, видеолор менен бөлүшүп жаттык. Вирус күч алып жаткан учурда да бизде учетто кош бойлуулар бар болчу. Аларга атайын Энелер мектеби тарабынан туура тамактануу, өзүнө кам көрүү, баланы туура кармоо, эмизүү боюнча окуулар жүрүп турат.
Буга кошумча вирустун алдын алуу жана санитардык-гигиеналык режимдерди туура сактоо боюнча да атайын сабактар өтүлүп жатты. Энелер мектебине келип, маалымат алып жаткан аялдарга вирус коркунуч жараткан жок.
Себеби, алар өзүн жана жакын адамдарын коргоону, вирустун алдын алууну өтүлүп жаткан сабактардан үйрөнүп кетишет. Бирок, эгерде кош бойлуу аял кандайдыр бир себептерден вирусту жуктуруп алган болсо, анда ал дароо стационарга жаткырылып, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болот. Жана да аны менен байланышта болгон адамдар да үй карантинине алынып, анализдерди тапшырышат”.
Тесттен өтүп балдарыңыз үчүн кандай ата-эне экениңизди билиңиз!
Акылай Алмазбекова