Буга чейин covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп жарыялаган. Суусамыр айылдык шайлоо участкасында даярдыктар болуп жаткандыгына карабастан, элдин саламаттыгы алдынкы орунда турарын участкалык шайлоо комиссиясы белгилейт.
Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участкасынын комиссиясынын төрагасы Калыйбек Таштанбаев пандемия шартында шайлоо өткөрүүдө бир топ кыйынчылыктар бар экендигин төмөндөгүчө билдирди:
Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участкасынын комиссиясынын төрагасы Калыйбек Таштанбаев
«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 17 партия катышат. Пандемия учурунда парламенттик шайлоону өткөрүү абдан чоң тобокелчилик экени талашсыз. Ушул эле учурда бир топ кыйынчылыктар бар. Шайлоого келген элди, кезекте турганда социалдык аралыкты сактоо жана башка эрежелерди колдонобуз.
Суусамыр айылдын тургундарына кайрылып кетсем, алыскы жерде жашагандар, кары-картаңдар, 30-сентябрга чейин арыз аркылуу кайрылсанар болот. Атайын түзүлгөн комиссия 3-октябрда үйүнүзгө барат жана өзүнүз каалаган партияга добуш берип, урнага сала аласыз».
Буга улай эле шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурзат Райымбекова добуш берүү учурунда санитардык чаралар тууралуу түшүндүрүп берди:
Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурзат Райымбекова
«Добуш берүүчүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн шайлоо участкалары алдын- ала даярдалат. Шайлоого келген ар бир адамдын дене табын текшерип, колдорун дезинфекциялашат. Ал эми мед кызматкерлери бир жолу колдонулуучу беткап, колкап беришет. Ошондой эле, шайлоо участкасы 60 мүнөт сайын желдетилип, тазалоо иштери жүргүзүлүп турат».
Пандемия шартында шайлоочулар тобокелчиликке барып, добуш береби деген суроо жаралбай койбойт. Бул суроого Суусамыр айылынын тургуну Гульжамал Сыдыкова төмөндөгүдөй өз оюн билдирди:
Суусамыр айылынын тургуну Гульжамал Сыдыкова
«Шайлоого барып добуш берүү ар бир жарандын милдети. Туура тандап добуш берүү менен келечегибизди курабыз. Ар бир жаран шайлоого барышы керек деп ойлойм. Андыктан, адамдар санитардык эрежелерди, аралыкты сактаса эч кандай койгой жаратпайт деп үмүттөнөм. Шайлоого барбай коюу келечекке кайдыгер мамиле кылуу деп билем».
Шайлоодо кандай санитардык чаралар сакталышы керек?
Партиялар шайлоо үчүн канча каражат коротту?
Айдана Токтобекова