2014-жылдын 10-13-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл аймактарынын ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү үчүн «Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары» аталышындагы практикалык семинар болуп өттү.
Семинарлардын негизги максаты катары жамааттык ММК уюштуруу, түзүү жана иш алып баруу көндүмдөрүн жана билимин жакшыртуу белгиленген. Тагыраак айтканда, кызыктуу, түшүнүктүү, так, чын, жеткиликтүү жана адекваттуу маалыматты табуу, топтоо жана анын үстүнөн иштеп, аны жалпыга жайылтууга даярдоо көндүмдөрүн аныктоо жана мыктылоо менен бирге жергиликтүү калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалымат алмашуусу, өз оюн жана өз пикирин билдирүү аркылуу айыл өкмөтү менен жергиликтүү калктын диалогу үчүн аянтча түзүү.