![20141113_095918[1]](http://www.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/2014/11/20141113_0959181-300x225.jpg)
«Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө» темасындагы практикалык семинар Жалал-Абад облусунда 10-13-ноябрь күндөрү уюштурулууда. Семинардын катышуучулары «Кышка даярдык» темасында радиосюжет даярдашты. Алар интервью алуу техникасын, монтаж жасоо, сайтка жайгаштыруу тууралуу билимдерди ала алышты.
Жалал- Абад облусунун алты айыл аймагынын адистери жана жамааттын өкүлдөрү практикалык семинардан пайдалуу билимдерди практика жүзүндө көргөндүгүн баса белгилешти.