Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Быйыл “Жаш таланттар” сынагы Нарын районунун Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев мектебинде өтөт. Сынактын жобосу келип, учурда жаш таланттар ошонун негизинде даярданып жатышат.
«Ал жободо “музыкалык аспап” деген номерибиз бар болчу. Музыкалык аспабыбыз жоктугуна байланыштуу биз ал номерге даярданбай калдык. Комуз черткенди мен билбегендиктен, окуучуларыбыз комуз үйрөнө албай жатышат. Эгерде мектепте акордеон болсо, анда үйрөтмөкмүн», — деп билдирди Өмүрова.
Сынакта окуучулар манасчылык, дастанчылык, устачылык, бийчилик, ырчылык жана кол өнөрчүлүк боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
«Даярдыктар боюнча токтоло кетсем, сентябрь айынан бери кружоктор өтүлүп жаткан, ошол куржокко катышкан окуучулардын эң жакшыларын тандап алганбыз», — деди Өмүрова.
Өрөөндүк сынакта ийгиликтерди жараткан окуучулар райондук сынакка барышат. Мындан мурун “Кара жорго” бийи облустук деңгээлге чейин барган.
«Ошондой эле манасчы кызыбыз Сайкал Токтомушова да көптөгөн ийгиликтерди жараткан», — деп кошумчалады музыка мугалими Жумагүл Өмүрова.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн