АКШнын «Эл аралык журналисттер борбору» уюштурган Орто Азиянын теле жана радиожурналисттери үчүн уюштурулган тажрыйба алмашуу курсуна Кыргызстандан үч теле жана радиожурналисттери катышууда.

Бул иш чара конкурс аркылуу жургүзүлүп, катышуучулар тарабынан анкеталар толтурулуп жана жеке маектешүү менен тандалып алынган. Аталган иш чарага жалпы 10 катышуучу тандалып, алардын 6 катышуучусу АКШдагы медиалар менен таанышууда.

Ал эми 6 журналист АКШнын ар кайсы штаттарындагы жергиликтүү теле жана радиодо тажрыйба алмашып 20 күндон ашык алардын иши менен аралашып жүрүшөт.

Суусамыр FM жамааттык радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова Огайо штатынын Акрон шаарындагы Rubber City Radio Group уюмунда тажрыйба алмашууда. Бул уюм өзүнө 4 радиону камтыйт. WAKR радиосу түз эфир, жаңылыктар жана спорт темасын чагылдыруучу радио болуп эсептелет.





Бардыгы болуп бул радиодо жанылык даярдоо боюнча 4 адам эмгектенет. Негизинен башкаруу, жергиликтүү жанылыктарды даярдоо, радионун туруктуулугу жана түз эфирди алып баруу ыкмалары боюнча темаларга басым жасалып жатат.
Тажрыйба алмашуу 25-июнга чейин уланып, катышуучулар 26-июнда Нью- Йорк шаарына кайтышат. Шаарда жыйынтыктоочу жолугушуудан кийин 28-июнда катышуучулар өз мекенине сапар алышат.
Айзада Калканбекова