Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмундө кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Орозбаев Самүдүн жана старшина Нургушаев Рыскулбекти кесиптештери эскеришти.


Аталган иш чарага облустагы жетекчилиги, райондордогу бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, ардагерлер жана жакындары катышты. Алгач маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.


Андан соң Орозбаев Самүдүндун жубайы Салыкеева Чүрөк эскерүү өткөрүп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары,полковник К.Бугубаевдин айтканына караганда мындай эскерүү иш чаралар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат. Анткени кийинки муунду патриоттуулукка, Мекен үчун кызмат кылууга тарбиялоо милдет.

Эске салсак; 1956-жылы туулган Орозбаев Самүдүн 1992-жылы кызмат учурунда кылмышкердин огунан каза болгон. Ага көзү өткөндөн кийин “Милициянын отличниги” наамы ыйгарылган. Ал эми Нургушаев Рыскулбек 1988-жылы 40 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан. Милициянын старшинасы Р.Нургушев кылмыштуулук жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымы үчүн учурунда “Милициянын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
Даярдаган: Г.Мамытбекова