Кыргызстанда соода- сатык менен ийгиликке жетишип жаткан жаш ишкерлер көп. Кайсыл соода түйүнүнө барба жаш соодагерлерди ондоп саноого болот. Мындай жаш ишкерлер чет өлкөлөргө барып, кара жумуштарда иштегенден көрө өз өлкөсүндө чон ийгиликтерге жетишсе болоорун далилдеп келишет. Өзгөчө айыл жергесинде жаштар Россия мамлекетине агылып кетип жатышкандары барыбызга маалым. Андай жаштар Суусамыр айылында да жок эмес.
Бирок өз үй-бүлөсүнүн келечеги үчүн күн-түнүнө карабай эмгектенген жаштар да бар.
Алардын бири бүгүнкү каарманыбыз Зулумбек Батырбеков Ош-Бишкек унаа жолунда соода-сатык менен ишмердүүлүк кылат:

«2013-жылдан бери ушул жерде соода кылып курут, кымыз, сары-май, бензин, солярка сатабыз. Бул жака түрткү болгону айылда жумуш жок. Бош жүргөндө айла жок карыз алабыз. Андан көрө бул жактан жайдыр-кыштыр соода кылып күнүмдүк акчабызды табабыз да. Мен өзүм Кусеин Кольбаев атындагы түннөлгө жумушка кирип алгам. Бир жума иштеп бир жума бошмун. Келинчегим бул жакта балдар менен соода кылып турат.
Муну менен катар Зулумбек ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиктери менен да ой-бөлүштү:

«Соода сатык менен мына азыр жашап жаткан вагонду, машина сатып алдык.Эми буйурса азыр жерди бүтүрүп жатам, үйгө керектелүүчү куралдарды алып койдум эмдиги жылы үй салып баштайм.»
Ал эми Зулумбек Батырбековдун жубайы жол боюндагы жашоо шарттын оор экендигин суукка шамалга чыдап ушул ийгилектерге жетишип жатабыз дейт:

«Карап турса кээ бирлер айтат жол боюнда соода кылыш абдан оной деп.Бирок чынында абдан оор. Эми ар нерсенин азабы болмоюнча асылы болбойт эмеспи.Ар кандай кардарлар болот.Ар биринин кыялы башка да.»
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Эльмира Такырбашева мамлекет жаштарга кандай колдоо көрсөтөт деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:

«Жаштарга мамлекет көп эле колдоо көрсөтүп жатат.Мындайча айтсак бизге мамлекет бала-бакча ачып берип жатат.Ал жактан балдар тарбияланып мектепке барып жатышат.Негизи жаштардын да өзүнүн алдыга койгон максаты болуш керек. Жеке эле мамлекетке карабай.»
Жогоруда айтылган сөздөрдөн ишкердүүлүктүн кандай түрүн тандап алуу жана аны кантип ийгиликтүү жүргүзүш керектигин айыл жергесиндеги жаштар өздөрү таразалайт.
Айзада Калканбекова