Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда суу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.
Бул маселе туурасында Карасаев айыл өкмөтүнүн сугат суу кызматынын башчысы Эркинбек Дүйшөбаевге кайрылдык.

Элдер сугат сууну кандай пайдаланышат?
— Элдер сугат сууну кенен эле пайдаланшат. Анткени биздин элдерге үч айылга Токтоян, Тогузбай, Тасма айылына калмагарык, Сарыдөбө аркылуу суу берилет.
Элдерге суу жетишерлик эле келеби?
— Бизге үч канал боюнча суу келет. Элдер өз убагында пайдаланып өз убагында сугарышат суу кенен элдерге жетишерлик.
Элдер сугат суунун акчасын өз убагында беришеби?
— Эми бул көйгөйлүү суроо болуп жатат. Кээ бирөөлөр жашоо шартына байланыштуу сугат суунун акысын өз убагында бере алышпайт, ошондуктан күзүндө гана чогултуп албаса кеч болуп калгандан кийин убагында бере алышпайт. Көпчүлүгү бербей да калат.

Суу таратып жатканда сиздерге кыйынчылык жаралбайбы?
— Суу таратып жатканда кыйынчылык деле жаралбайт бирок арыктарды өз убагында тазалап, байлоолорун тазалап алса, суу өз убагында эле жетет эч кандай деле кыйынчылык болбойт.
Сугат суу боюнча кандай көйгөйлөр бар?
— Сугат суу боюнча бүт каналдардын баардыгы эскирип совет мамлекетинин учурунан бери оңдолгон жок, анын баардыгы тең бузулду. Эми ошолордун бары тең кайра оңдоо иши болсо мамлекеттин колунан келбейт. Бирок Карасаев айыл өкмөтү боюнча «Алты суунуру» деп түзүлүп ошолордун бардыгын тең иштеп жатат.

Даярдаган: Ширин Акунова
Сынак үчүн
АА