Жай бою иш алып баруучу “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун” тарбиячылары жана уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн атайын окутуу өткөрүлдү.
Анда аталган борборлордун балдар үчүн мааниси, өткөн жылы жетишилген ийгиликтер, жасалган иштер тууралуу катышуучуларга видеожүгүртмө аркылуу көрсөтүлдү.
Андан соң тарбиячылар топторго бөлүнүп, баланын психологиясы, туура тарбиялоого байланыштуу тапшырмаларды аткарышты. Жайлоо бала бакчаларын ачуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Жайыт департаменти, билим берүү борборлору, мекемелери менен кызматташтыкта иш алып барат. Мындай окутуулар Нарын облусунун бардык райондорунда болот.
Даярдаган: Г.Мамытбекова