Түп районунун Тасма айылынын тургуну Райкан Исакова КР «Эмгек сиңирген мугалими» наамын алды. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды тапшырган.
Райкан Исакова 34 жыл мектепте физика мугалими болуп иштеген. Ал 1971-жылы Караколдогу педогогикалык институтту бүтүрүп, Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде физика мугалими болуп келген.
«Ушул мектепте пенсияга кеткенге чейин иштедим. 34 жыл эмгек тажрыйбам бар. Мектепте иштеген мезгилде 10 жыл окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп ушул 34 жыл ичинде окуучуларга талбай билим, тарбия бердим. Эң биринчи сыйлыгымды «Комсомол комитетинен» грамота алгам, андан кийин СКА профсоюздун грамотасын, райондук, облустук жана мектептин грамоталарды алдым. 2 жолу Министрликтин грамотасын алдым. Андан сырткары Эл агартуунун отличнигин 1993-жылы президент Аскар Акаевдин колунан алгам, ал эми быйыл 31-августка карата Эмгек сиңирген мугалим наамын алдым».
Сыйлыкты президенттин колунан алганына кубанган Райкан Исакова, пенсияга чыкканда дагы 34 жыл эмгеги бааланганына ыраазы.
Буга чейин Тасма айылынан мындай сыйлыкты эки гана мугалим алышкан.
Айназик Кубатбекова