Тогуз-Торо районунда уюуштурулган «Багыт» долбоорунун алкагында «Бала бойдон калба» жана «Бөрү эненин кыялы» китептерин окуу конкурсу Тогуз-Торо жаштар биримдиги тарабынан уюуштурулуп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Аталган иш- чарада биздин Кара-Суу айылынын тургуну Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айгерим Баетова 1-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланды.
Мындан сырткары, ушул эле мектептин окуучулары уюштуруу иштерине активдүү катышып, »Мыкты уюштуруучу» номинациясына ээ болушса, Кара-Суу айылы «Окурман айыл» деп аталды.
Китепканачы: «2020- жыл китепкана үчүн жакшы жыл болду»
Анара Мааметова