2018-жылдан тарта 6 жолу “ОКУ” долбоору ар кандай тематикадагы китептерден сынак уюштуруп келет. Максаты китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.
Бул жылы дагы 3 китеп “Окуучу кыз”, “Финдердей окуталы”, “Эрте келген турналар” боюнча онлайн жана офлайн форматта сынак өткөрмөкчү. Сынакка катышуу үчүн сөзсүз түрдө www.oku.biz.kg сайты аркылуу 25-ноябрга чейин катталуу керек.Ал эми сынак 4-5-декабрь күндөрү өтөт.

Жалпы окурмандар үчүн: «Окуучу кыз» китеби , (онлайн жана офлайн өткөрүлөт),
Белектер
1-орун 30 000 сом
2-орун 20 000 сом
3-орун 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Мугалимдер үчүн: «Финдердей окуталы» китеби боюнча (онлайн жана офлайн өткөрүлөт)
1-орун: 30 000 сом
2-орун: 20 000 сом
3-орун: 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Мектеп окуучулары үчүн: «Эрте келген турналар» китебинен онлайн болмокчу.
1-орун: 20 000 сом
2-орун: 15 000 сом
3-орун: 10 000 сом
4-5-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 100% жеңилдик.
6-7-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 50% жеңилдик.
8-9-10-орун: «SECOM» билим берүү мекемесинин курстарына 1 айлык 30% жеңилдик.
Сынактын шарттары:
Эсиңизде болсун!
1. Өздүк маалыматтарыңызды толук жана катасыз жазыңыз.
2. Онлайн жана офлайн болгон сынактардын суроолору бирдей жана тест түрүндө өткөрүлөт.
3. Офлайн сынакка киргендер сынактын белгиленген мөөнөтүнөн эрте чыга алышпайт.
4. Сынак белгиленген убакта бир жолу гана өткөрүлөт. Сынактын убактысы чектелүү.
5. Сынактар белгиленген убакытта башталат. Кечиккендер киргизилбейт.
6. Ар бир сынактын жыйынтыгы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 7 күндүн ичинде oku.biz.kg сайтына жарыяланат.
7. Онлайн сынакка катышкандардын интернети үзүлүп калса, сайт аны автоматтык түрдө сынактан четтетет. Мындай техникалык мүчүлүштөргө уюштуруучулар жооптуу эмес.
8. Сайтка катталган логин менен сыр сөздү унутпаңыз. Унутуп калгандар үчүн уюштуруучулар жооптуу эмес.
Сынактын өткөрүү мөөнөттөрү:
🔸»Эрте келген турналар» 04.12.2021-ж. саат 20:00дө онлайн болот
🔸»Окуучу кыз» 05.12.2021-ж. саат 11:00дө онлайн жана офлайн болот.
🔸»Финдердей окуталы» 05.12.2021-ж саат 13:00дө онлайн жана офлайн болот.

Белгилей кетсек, китеп окуу сынганын Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги, “Ыйык Ата Журт”-коомдук жаштар фонду жана “Secom” билим берүү жана өнүгүү борбору уюштуруп жатат.
Айгерим Кубатбекова