Айымжан Иманалиева Чүй облусунун Москва районунда тургуну. Алар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Ачык коомчулук-Ачык маалымат каражаттары” долбоорунуна катышып, анын алкагында аймактык көйгөйлөрүн чечкенге жетишкен.
4 айлык долбоордон кийин аталган активдүү жарандар тобу болуп жаткан көйгөйлөрдү алып чыгып, аны чечүүгө катышса болооруна ишеним пайда болду.
«Жамааттардын интеграциясы» коомдук уюму тарабынан негизделген «Эл-Үнү» медиа борборунун координатору Айымжан Иманалиева 4багытта иш алып баруу үчүн медиа план түзүшкөнүн айтат.
Алар экология, миграция, жаштардын өнүгүүсү жана социалдык көйгөйлөр:
“Биз жамааттардын интеграциясы коомдук бирикмеде иштейбиз. Анын алкагында кичи коомдук кеңеш түзгөн болчубуз. Алар менен биргелешип Евросоюздун чакан грантына тапшырык бергенбиз. Аны утуп алгандан кийин биз 4 айдын ичинде бир топ иштерди аткардык.”
“Азыркы кезде биз “Эл үнү”-деген ат менен инстаграм жана фейсбукта баракча түзүп биздин аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып турабыз. Ошондой эле жаштар менен дагы иш алып баргандыктан аларга да пайдалуу маалыматтар менен бөлүшөбүз. Мисалы кандай иш-чаралар болуп жатат, жаштардагы мүмкүнчүлүктөр туурасында айтып мотивация берип, маалыматтар менен кабардар кылып турабыз”.
“Бизде суунун жанында үйүлгөн таштанды көйгөйү бар болчу ал негизинен зыян экенин билип келчүбүз. Ошондон улам биздин уюм мамлекеттик органдар менен биргеликте аны тазаладык.
Элдин аң-сезимин оңдоо үчүн аракет кылабыз. Азыр ошол жерди көргөндө бирөө келип жасап берет деп күтпөстөн өзүбүздүн деле колубуздан келет турбайбы деп сыймыктануу пайда болду. Андан тышкары биз элди тейлөөчү мекемеде болуп жаткан көйгөйдү чагылдырдык. Паспорт алганы барган элди тейлегенге адистер жетишпей узак кезек күтүп же шарты жок турган адамдарды тартып чыгарганыбызда бул маселеге көңүл бурулуп азыр ал жерде кошумча тейлөө көрсөтүлүп жатат. Бул көйгөйдүн чечилишине биз түрткү болдук деп ойлойбуз. Ушул сыяктуу бир топ иштер жүрүп жатат.”
“Биздин топто улгайган эже байкелер жана жаш ыктыярчылар дагы бар. Анткени көз караштар ар кандай болот эки тараптын тең ой-пикири эске алынганда жакшы жыйынтыктар болот деген ишенимдебиз.”
Айгерим Кубатбекова