Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүп өскөн Айгерим Бейшенбекова учурда дүйнөлүк ири компаниялардын бири Майкрософтто эмгектенет. Ал ушул жылдын сентябрь айында аталган компанияга инженер – программист катары кабыл алынган. Kyrgyzmedia.kg Айгерим менен маектешип, бүгүнкү ийгилигинин инвестициясы эмне экенине кызыкты.
— Саламатсызбы, Айгерим. Алгач өзүңүз жөнүндө маалымат берип өтсөңүз.
— Саламатсызбы. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи Информациялык Технология ааламына менин жолум Ат-Башы районундагы Бирлик айылынан башталган. Технологиялык инновациялардан алыс айылда төрөлсөм дагы, билими терең, мугалимдердин үйүндө төрөлүп калганыма абдан сүйүнөм. Ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан, билим – бүтүндөй дүйнөнү өзгөртө ала турган курал экенин бала кезимде эле түшүнгөм. Балалыгым аталган айылда күндүзү бүтпөгөн айыл жумушу, кечинде сабак окуу менен өттү. Айыл жумушу мени эмгекчилдикке, өжөрлүккө жана дисциплинага тарбиялады. Окуучу кезде ата-энем бир гана билим алуу менен чектебей, ар тараптуу болууга багыттагандыктан спортто, мектептин иш-чараларында, ийримдерде дагы алдыңкы окуучулардын бири болчумун. 5-классты бүтүп жатканда айылыбызга Жаңы Зеландиялык беш туристтин келүүсү менин дүйнөгө болгон көз карашымды толугу менен өзгөрттү. Дүйнө менин айылым менен гана чектелбешин жана аны таануу үчүн чет тилдерди да билишим керек экенине көзүм жетти.
— Кайсы окуу жайда, кайсы багытта билим алдыңыз?
— Терең билим алуу жана чет тилдерди үйрөнүү үчүн ата-энемдин багыттоосу менен Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Анадолу лицейине тапшырдым. Ал эми кабыл алуу тестинен эң жогорку баллды алуу менен окуумду аталган лицейде уланттым. Лицейде да баарына жетишкенге аракет кылчумун. Бош убактымды китеп окуу, татаал логикалык маселелерди чыгаруу, компьютерде ар кандай программаларды үйрөнүү менен өткөргөндүктөн, эжем программист болушумду сунуштаган. Бул кесип менин кызыгуума туура келгендиктен 9-классымда кайсы кесиптин ээси болоорумду чечтим. Лицейди алдыңкы окуучу катары аяктап “Түркия стипендиялары” программасы менен Түркиянын алдыңкы университтеринин бири болгон Хажеттепе университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшырдым. Аталган университетте кесибим боюнча терең билим алып, атүгүл Эрасмус программасы аркылуу Германиядагы Фрайбург(Albert-Ludwigs-Universität Freiburg) университетинде бир семестр билим алууга да жетиштим. Окууну аяктаган соң Кыргызстанга кайтып, Андроид тиркемелерин иштеп чыккан программист катары иштедим.
— Google компаниясында дагы тажрыйба топтогон экенсиз…
— 2019-жылы инженерия, технология, математика жана табигый илимдер жаатында эмгектенип жаткан Борбордук Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн лидер айымдарына колдоо көрсөткөн Techwomen программасына катыштым. Ал аркылуу Кремний өрөөнүндө Google компаниясынын Google Cloud бөлүмүндө стажировкадан өттүм. Ири компанияларда иштөө аркылуу ар кандай спектрдеги техникалык көйгөйлөрдү чечүү менен бүтүндөй дүйнөдөгү адамдардын жашоосуна таасир этип, дүйнөнүн өнүгүшүнө салым кош алуу мүмкүнчүлүгү чоң экенине көзүм жетти. Ошондон улам мүмкүнчүлүктү колдоо чыгарбоо үчүн 2021-жылдан тарта Майкрософт компаниясында иштеп баштадым.
— Майкрософттогу ишмердүүлүгүңүз кандай? Ким болуп эмгектенесиз?
— Технологиянын өнүгүү багытын аныктоодо көпчүлүк учурда ири технологиялык компаниялардын ролу чоң.Кайсы бир жылдары эсептөө проблемаларын өзүбүздүн маңдайыбызда турган персоналдык компьютер менен чечип жатсак, интернет жана технологиялардын өнүгүшү менен cloud computing(булуттагы эсептөө) деген тармак өнүгүүдө. Бул тармак интернет аркылуу серверлер, маалымат сактоо базалары, программалык камсыздоо, аналитика жана интеллектуалдык анализ сыяктуу эсептөө кызматтарын көрсөтүү болуп саналат. Майкрософттун дал ушул тармакта кызмат көрсөткөн Azure булут кызматтары платформасынын ичиндеги Azure Communication Services командасында инженер-программист катары эмгектенем. Аталган команда веб жана мобилдик тиркемелерге SMS, чат, видео, VOIP жана PSTN чалуу кызматтарын түзүү үчүн программалык камсыздоо комплектин сунуштайт.
— Бала кезиңизде эле ушундай ири компанияда иштейм деген максатыңыз бар беле?
— Азыркы учурда өспүрүмдөр арасында “role models”(ролдук моделдер) терминологиясы абдан популярдуу болууда. Менин оюмча бул жакшы нерсе. Мектеп окуучуларына жаштайынан өзүнө үлгү ала турчу бир же бир канча адамды тандап алып, ошол адамдын басып өткөн жолу, жетишкен ийгиликтери, жакшы сапаттарынан үлгү алуу менен өзүн жана коомун өнүктүү маанилүү деген ойдомун. Мен да лицейде окуп жүргөндө биздин лицей Майкрософтто инженер-программист болуп иштеген бүтүрүүчүсү Акжол Абдухалиев менен аябай сыймыктанчу. Мен ушул байкени улгү катары алып, эгер Акжол байкенин колунан келсе демек мен да ушундай ийгиликтерге жете алам деген ишенич пайда болгон. Кийин университте окуп жүргөндө Акжол байке менен байланышып, ийгиликке жетишүү кеңештерин алгам. Демек, менин бала кезимде эле чет жерде билим алуу, ири технологиялык компаниялардын биринде эмгектенүү ойлору калыптанган.
— Мындай ири компанияга адаптация болуу жеңил болбосо керек?
— Жашоодо ийгиликтер оңойго турбайт. Ар бир ийгиликтин өзүнүн баасы, убактысы жана оорчулугу бар. Жаңы нерсеге көнүү башында баарыбызга оор болот эмеспи. Мен үчүн дагы компания, проект, команда, шаар, мамлекет ж.б нерселердин бардыгы жаңы болду. Буларга көнүү оңойго турду деп айта албайм. Компания бүтүндөй баардык релокация процессин жана каражатын өз мойнуна алып, чоң жеңилдик тартуулады. Ал эми бир айдын ичинде компанияны жана анын маданиятын таануу, команданы жана андагы процесстерди, проектти таануу бир аз оор болду. Экинчиден ири долбоорлор үстүндө иш алып баргандыктан, бир эле учурда бул долбоордун бүт картинасын куруу, деталдарына чейин түшүнүү абдан кыйын. Бул иш форматына көнүү мезгили кесиптештерим айткандай бир жылга созулат.
— Сиздин бир күндүк жашооңуз кандай өтөт?
— Ири компаниялар ийкемдүү жумуш графигин сунуштоо менен ар бир жумушчуга бир күнүн өзү каалагандай пландоо мүмкүнчүлүгүн берет. Эч ким жумушчуларга канчада келип кеткенине көзөмөл жүргүзбөйт. Себеби, аларга эң биринчи тапшырманын өз убактысында бүтүшү маанилүү. Ал эми кайсы маалда жана кандай аткарат бул жумушчунун көзөмөлүндө. Мен эртең менен эффективдүү иштегендиктен баардык программалоо жумуштарын түшкө чейин аяктаганга аракет кылам. Жумуштан соң өзүмдү кесиптик жана персоналдык жактан өнүктүрүү үчүн китептерди окуу жана технологиялык жаңылыктарды үйрөнүү менен өтөт. Ал эми дем алыш күндөрдү жер кыдыруу, жаратылыш арасында эс алуу менен өткөрүүгө аракет кылам.
— Көздөгөн максаттарга жетүүдө жаштарга кандай кеңеш бересиз?
— Өзүңөрдүн максаттарыңарга жетүүдө кыялдануудан жана чоң максаттарды коюудан тартынбоону кеңеш кылам. Жазуучу Пауло Коэльо өзүнүн “Алхимик” китебинде “эсиңизде болсун, сиз бир нерсени кыялдансаныз, бүт аалам сиздин кыялыңызды ишке ашырууга жардам берет”, — деп белгилеген. Ийгилик, бийиктиктердин башаты жакшы ой, жакшы кыял. Ал эми ал кыялдарга жетүүнүн сыры талыкпаган эмгек, терең билим, өжөрлүк жана тартипте. Жашоодогу эң баалуу ресурс – убакыт. Аны туура пайдаланып, ар бир саатты пландап, өзүңөрдү жана коомуңарды өнүктүрүүгө сарптагыла демекчимин.
Касиет Кубанычбек кызы