Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты.
Анда акындын ырларын окуучулар көркөм окушуп, анын замандаштары жеке эле төкмөлүк менен алектенбестен, дастанчылык, ырчылык, манасчылык, жазмакер акындык өнөрдү да кошо алып жүргөндүгүн айтышып, айылда өткөрүлгөн маданий иш- чаралардын сап башында тургандыгын эскеришти. Белгилей кетсек, Рыскул Сейнелов 1963-жылы Ак-Кыя айылында туулган. Билими атайын орто. «Тоо-Шаңы» элдик ыр-бий ансамблинин солист акыны катары таанылган. Төкмө акын, дастанчы, манасчы, ырчы. 1985-жылы Нарын областтык манасчылардын кароо сынагынын жеңүүчүсү. 1990-жылы областтык акындар айтышында биринчи орунду жеңип, акчалай сыйлыкка ээ болгон. Республикалык төкмө акындардын «Айтыш» сынагынын лауреаты. Москвада өткөн Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук 3 фестивалынын лауреаты.




Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан