Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде С. Каралаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган “Кыргыздын жүрөгүнө Манасты түнөткөн Саякбай” аттуу бир айлык жыйынтыкталды. Иш чарага мектептин ата-энелер комитети, мугалимдер жамааты, мектеп директорлору, коомчулуктун өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.
“Манас таануу”, “Жаш манасчылар”, “Жаш сүрөтчүлөр”, “Жаш манасчылар” сынагын ичине камтыган бул иш чарада жаш таланттар улуу манасчы Саякбайдын балалык чагы тууралуу чакан сценка көрсөтүштү. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чынар Сатындиева “Бул чоң масштабда өткөрүлүп жаткан иш чаранын максаты учурда улам кийинки муун биздин залкар инсандарыбызды билбей баратышат. Андыктан улуу манасчы С.Каралаев тууралуу ар тараптуу маалымат алышсын, кандай адам болгонун билишсин деген максатта уюштурганбыз. Иш чара жогорку деңгээлде өттү деп ойлойм. Улуу манасчынын жолун жолдогон жаш манасчылар бизде абдан көп. Эми манасчылар мектебин же клубун түзсөкпү деп ойлонуп калдык. Ар бир жаш манасчыга, сүрөтчүгө, активдүү катышкандарга демөөрчүлөрдүн жардамы менен белектерди бердик ”-дейт.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова