Жайыл районунун Кара-Суу айылынын Кара-Суу орто мектебинин окуучулары Жаңы жылды тосууга чоң даярдык көрүп жатышат. Класстын окуучулары кой жылын тосууга кандай даярданып жаткандыгы тууралуу класком Бекболот Колбаев мындай дейт: «Жаңы жылга карата мектепте КВН өткөрүлгөнү жатат. Мына ошол КВНда 5-класстын окуучулары таймашат. Уткан командалар финалга чыгышат».
Таймашта ким кандай ролдорду аткарат, окуучулар өздөрү айтып беришти.
Медина Сатыбекова:»Мен ырдайм жана бийлейм»,
Барчынбек Бердибеков:»Таймашта мен декламация айтам»,
Сабина Кадырбекова:»Саламдашуу айтам жана бийлейм»,
Назик:»Мен КВН да бийлейм»,
Искендер:»Интермедия аткарам»,
Гүлзаада:»Мен Манас айтам жана бийлейм»,
Эрбото:»Мен болсо Искендер менен интермедия аткарам»,- дешет 7-класстын окуучулары.
Жаңы жылды тосууга арналган кечеде класстын окуучулары, кечеге келген ата-энелердин, айылдаштардын көңүлүн көтөрүүгө катуу даярдык көрүп жатышканын да айтып кетишти.