Куланак айылынын мектебинде 12- декабрда Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Айтматов аалам жылдызы” аттуу салтанатуу иш чара өттү.
Мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары Жазгул Кадыралиеванын айтымында, бул иш-чарага 4-классынын окуучулары катышты. “Жазуучубуздун эң сүйүктүү чыгармасы “Саманчынын жолу”, мында биз Майсалбектин образын чагылдырып бердик. Майсалбек аскерде жүрсө дагы, өзүнүн кесиби боюнча мугалим болгон. Ал Ата-мекенин коргоо үчүн мугалимдик кесибин да таштоого туура келген. Майсалбектин катынан үзүндү тандап алганыбыздын себеби ушунда” — деп оюн бөлүштү Жазгул Кадыралиева. Майсалбектин образын жеткиликтүү жаратып берген, Чынгыз Айтматовдун чыгармасын сүйүп окуган 4-классынын окуучусу Алмазбек уулуТемирланга сурообузду узаттык.
“Мен Майсалбектин образын аткарып жаткан учурда, өзүмдү мугалим катары сездим. Энелер эч качан кыйналбасын, ыйлабасын, балдар капа болбой, энелер менен бирге болсун. Мага бул ролду аткарган аябай жакты. Мен дагы Майсалбектей билимдүү, акылдуу жана Ата-мекенин коргогон баатыр болгум келет”-деп 4-классынын окуучусу Темирлан Алмазбек уулу кыялданат. “Өткөрүлүп жаткан иш-чара, биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болуп жаткандыгына байланыштуу, өздөрүнүн деңгээлинде атайын тарбиялык сабак өтүп беришти. Менимче балдар жакшы”,- дейт мугалим Толкун Абиева.
Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана өзүбүздүн өлкөбүзгө кылган кызматтары туурасында жакшы камтылган. Улуу залкар жазуучубузду кандай мактасак дагы, оозубузга алсак да, көп эле чыгармаларын коюп берсек болот болуш керек. “Мындан ары дагы балдар өздөрүнүн деңгээлинде Айтматовду жылда даңазалап, көптөгөн чыгармачылыгын, иш-аракеттерин, элибизге кылган кызматы, мындайча айтканда дүйнө жүзүнө таанымал болгондуктан дагы көптөгөн иш-чараларын камтып балдар аткарып беришсе,- дейт Толкун Абиева. Куланак орто мектебинде жыл сайын залкар жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы уюштурулап турат.
Даярдагандар: Баяман Барыктабасов, Рахат Маратбеков, Медер Асыкулов.