Быйыл Кыргызыстанда электр-энергиясы тартыш болоорун угуп, Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев өзүнүн үй-бүлөсүн электр-энергиясынан өксүү кылбаш үчүн, өзүнүн мүмкүмчүлүгүнө жараша шамалдан электр жарыгын тейлөөчү прибор ойлоп тапкан.
Ал өзү жасаган прибор тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: «Мен муну жасаганымдын себеби быйыл өлкөбүздө электр энергиясы тартыш болоорун угуп, үйүбүз жарык болуп турсун деп ойлондум. Бул прибор12 вольт жарык берет. Бул шамал болгондо айылда свет өчүп калса шамалдан ток берип үйгө жарык берип турат. Муну мен труба калактар менен жасагам аккумулятор орнотком. Күндүз шамал болгондо заряд алат, анан керек болгондо бизди жарык менен камсыз кылат.
Бейшенбай Саадабаевтин көп жылдан бери кошунасы Гүлсүн Абакирова кошунасынын колунан көп нерсе келээрин, кичине кезинде эле ушундай нерселерге кызыгып жасай берерин белгилеп өттү.
«Бул баланын колунан бары-жоктун баары келет. Мисалы, сок тарткан станок жасап алды, жем тартканга майдалоочу аппарат жасап алды жана ошондой эле майда-чүйдө ток менен иштеткенди, баары колунан келет. Эми күчү аз болгондуктан өзүнүн эле үйүн жарык кыла турган шамалдан свет алуучу жасап алды. Көп нерсе колунан келет мээси кыйын иштеген бала».
«Өнөрүң болсо өргө чап» дегендей мамлекетке көз каранды болбой. Өз колдорунан көөрү төгүлгөн адамдар кыргыз элинде көп болушун каалайбыз.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Турдуматов Чынтурсун