Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча бардык орто мектептерде, техникалык лицейде жана гимназияда 9-классты бүтүрүп жаткан окуучуларга күбөлүк тапшырылды.
«Бүгүн шаарыбыз боюнча 9-классты бүтүрүүчүлөргө күбөлүк тапшыруу салтанаттуу аземи саат 10-00 белгиленген, ар бир окуу жайында ата-энелердин, предметтик мугалимдердин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп жатат»- деп маалымат берди, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Фарида Мажитова. «Биздин мектеп-гимназиябызда жалпы 18 гимназист 9-классты ийгиликтүү бүтүрүп, алардын ичинен үч окуучу: Халжигитова Нургүл, Абдигапарова Канайым (предметтер боюнча облустук олимпиаданын байгелүү орундарын алышкан) жана Саматова Кызжибек (математикадан Республикалык олимпиаданын байгелүү орун) «Артыкчылыгы менен» күбөлүктөрдү алууга жетишти»- деп маалымат берди аталган окуу жайынын директору Базаргүл Рустамова.
Кабарчы: Айзада Эркинова