8-март аялдардын Эл аралык майрамын утурлап, Сүлүктү шаарындагы ардактуу эс алууда, кадырлуу карылык доорун сүрүп жаткан энелердин арасынан күтүүсүз белек алгандар болду.
«Мен үчүн чындап эле күтүүсүз белек болду. Исманали Карабаев мезгил мезгили менен ал абалыбызды сурап, колунан келишинче жардам берип келет. Бирок, 8-мартка карата атайын куттуктап келген экен, өтө толкунданып, сүйүндүм»- дейт Мархамат Абдираимова.
«Улгайган мезгилде, күтүүсүз белек алган да бир өзүнчө сый-урмат экен. Төбөм көккө жетип сүйүндүм. Бул Исманали Карабаев, бала убагынан эле жароокер, кичи пейил бала болуп чоңойду. Өзүнүн жеке менчик шахтасы бар. Өз күчү, адал эмгеги менен ачты. Ар дайым, элге көмүрбү же башка жардамбы жок дебей берип келе жатат. Чыныгы эл уулу деген ушул да. Өмүрү узун болсун»- дейт Гүлү Худайназарова.
«Ушундай абройлуу, эл кадырлаган уулубуз Исманали Карабаев, өзү үйүбүзгө куттуктап келип, абалыбызды сурап, бир ооз эле кабар алып койгону өзү чоң дөөлөт. Бүгүн жөн келбей, 8-мартка карата белектеринин алып келиптир. Мен билгенден 10 жылдан ашык убакыттан бери Сүлүктүнүн элине жардам берип келе жатат. Мисалы, Кольцо айылына, пайдубалынан баштап, акыркы мыгына чейин толук өз каражаты менен 2 млн сомдон ашык акчага Фельдшер-акушердик пункт, биздин Элмуратов айылыбызга баштан аяк толук өзү каржылап, заманбап үлгүдөгү мечит куруп берди. Башка иштерин айта берсе өтө көп»- дейт Башарат Тайлакова.
«Улгайган кезде, адамдын көнүлү назик болуп калат окшойт. Анын үстүнө шаарыбыздын эң абройлуу ишкерлеринин бири, Исманали Карабаев, улуу башын кичик кылып, 8-март менен куттуктап келип жатса, өтө толкунданып, сүйүндүм. Жаратканым өмүрүн узун кылсын»- деп ак батасын берди Эргешай Абдуллаева.
«Өзү 3 уул, 6 кызым бар. Бардыгы үйлүү жайлуу болуп эрезеге жеткен. Исманали ортончу уулум. Бала кезинен эле өтө жароокер, кең пейил. Бирөөгө жардам керек болуп калса дайым даяр. Өмүрү узун болсун, уулум жөнүндө элден көп жакшы сөз угуп, сүйүнүп калам. Бүгүн мен үчүн деле жакшы күн болду. Уулум ар дайым ушундай күтүүсүз белектерди берип, бизди сүйүнтүп келет»- дейт Исманали Карабаевдин энеси, Буумалике Ажыбүбү Карабаева.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА