COVID-19 пандемиясы менен ооруган алгачкы учур Баткен облусунун Сүлүктү шаарында алгачкы жолу 2020-жылдын 2-июль күнү катталган. Сүлүктүдө COVID-19 пандемиясынын 2020-жылдын 12-августуна карата абалы боюнча Сүлүктү шаардык мэриясынан жана Сүлүктү шаардык ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунан маалымат алынды.
«Коронавирус жуктуруп алган учур Сүлүктү шаарында алгачкы жолу 2-июль күнү катталды. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирус жуктургандардын жалпы саны 20 кишини түздү. Анын ичинен 10 киши айыгып чыкты, 8 киши Сүлүктү шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмундө дарыланып жатат, 2 киши үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Пневмония менен ооругандардын жалпы саны 31 кишини түздү. Анын ичинен 29 киши айыгып чыкты, учурда 2 киши Сүлүктү шаардык ооруканасынын жугуштуу ооруулар бөлүмундө дарыланып жатат. Учурда абал туруктуу, коомчулукка түшундүрүү иштери үзгултүксүз жүргүзүлүп жатат»- деп маалымат берди Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
«Коронавирус пандемиясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 745 кишини текшерүүдөн өткөрдүк, алардын арасынан коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталгандардын жалпы саны 51 кишини түздү. Сүлүктү шаары боюнча акыркы 2 суткада коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган жок. Абал туруктуу. Эл көп чогулган жайларды дезинфекциялоо боюнча Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунун жооптуу адистеринен турган 2 топ тынымсыз иш жүргүзүп келет. Керектүү жабдуулар жана дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү»,- деп Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов маалымат берди.
Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылдын 1-январь айына карата Сүлүктү шаарынын калкынын саны 23913 киши.
Сүлүктүдө коронавирус жуктуруп алгандар айыгып чыгышты
Бакытбек Сапаркулов