«Сүлүктү шаарынын аймагы боюнча мурда көмүр казып алган «эски» шахталардын орду чөгүп кетип коркунучтуу жагдай жаралууда» деп жергиликтүү коомчулукта болуп жаткан кептин чын төгүнүн билүү аныктап, атайын адистердин пикирин билип, коомчулукка туура маалымат берүү үчүн окуя болгон жерге бардык.
Сүлүктү шаарынын мэри А.Ибрагимов баш болгон жоон топ комиссия мүчөлөрү ошол жерде экен.
Сүлүктү шаары боюнча Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы ага лейтенант У. Мурзамуратов атайын Кошбулак мультимедиялык борборуна: «Бул жерде эч кандай кооптуу жагдай жок. Жер астындагы суулардын таасиринен мурда топурак төгүп койгон жер чөгүп кеткен. Тереңдиги 15 метрдей. Диаметри 6 метрдей аң болуп калган. Эски шахтанын тиешеси жок. Бул жердин көмүрү 1950- жылдары казылып №9-лава болгондугу анык. Бирок ал өтө тереңдиктен өткөн. Ошондой болсо да ӨКМдин мониторинг бөлүмүнө маалымат берип койдук»- деп маалымат берди.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров