Тренинг 14-ноябрда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепбинде өттү. Бул тренингдин негизги темасы кесипти тура тандоо болду.
Немец толкуну академиясы тарабынан каржыланып, ал эми уюштуруучулары жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцияциясы окуучуларга туура багыт беришти.
Азыркы учурдагы Кыргыз Республикасында көйгөйлүү маселелердин бири болуп бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоо маалындагы адашуусу. Бул маселени чечүүгө жана бүтүрүүчү окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын келген биринчи тренинг болду. Бул тренингде 9, 10, 11-класстарынын окуучуларына оюн, лекция окуу, атайын даярдалган карточкалардын жардамы менен кызыктуу тренинг болду. Барскоон айылынан да тышкары бул тренинг Ысык-Көлдөгү Тасма жана Токтоян айылдарына да барды.
![IMG-20151120-WA0002[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/IMG-20151120-WA00021-300x225.jpg)
Тренингдин уюштуруучусу жана журналист Айзада Калканбекова «бул тренинге окуучулар гана эмес мугалимдер жана директор дагы активдүү катышып эӊ тура маалымат болгонун айтышты» дейт.
![20151114_114507[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151114_1145071-300x169.jpg)
Тренинге жалпысынан 300 дөй окуучулар катышышты. Тренер Бегайым Орозакуновна болду. Ал жаштар министрлигинин алдында кесиптик техникалык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.
![20151114_103705[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2015/11/20151114_1037051-300x169.jpg)
Тренинге активдүү катышкан окуучулардын бир болуп 9-классынын окуучусу Сезим Өмүрбекова «келечекте кайсы кесип керек болоорун түшүндүк жана кийин тура кесип тандаганга аракет кылам» деген оюн билдирди. Ошол эле тренингдин дагы бир катышуучусу Жаркынай Тентиева «негизинен бары кызыктуу өттү. Кесиптик лицей жана жогорку окуу жайлар жөнүндө кенен маалымат алдым» деди.
Уясынан учканы жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо ийгиликтерди каалайбыз!
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова
Эрлан Абласов