Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кошбулак аймактык башкармалыгында ПРООНдун Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү долбоору менен жаңы бала бакча түзүлүүдө.
Бул боюнча бүгүн марафон өткөрүлүп, ашар уюшулду. Ашар учурунда Долбоордун автору,»Кожой-Серек» коомдук фондунун директору Сапаркулов Бакытбек Эркиновичтен маек алдык: «Бакытбек Эркинович айтынызчы негизинен Кошбулак аймактык башкармалыгын башкарып келесиз, кошумча коомдук фондду да жетектейт экенсиз, ушул иштердин баарына кантип жетишесиз?»
«Негизинен каалоо болсо, баарына жетишсе болот. Коомдук Фондду иштетүү да замандын талабы. Эми долбоор боюнча эле айтып берейин: Бул долбоор №4-орто мектебинин базасындагы атайын мектепке чейинки окутуу үчүн типтүү болуп курулган эки кабаттуу имаратта уюшулду. Добоорго ылайык ПРООНдун Баткен облустук өкүлчүлүгү аркылуу (менеджери Таалайбек Азимов) 100 балага ылайыкталган комплект эмеректер берилди. Коомчулуктун салымы менен имарат ремонттолду. Бардык жумуш, эмерек жана курулуш материалдар салымын акчага айландырып эсептегенде 1 млн. сомдон ашуун каражат сарпталды. Айта кетсек Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Исаев Тилектеш Каримович жергиликтүү өкүлү Рахман Эрматович аркылуу жүз миң сомдук материалдык салым кошту. Андан сырткары Кошбулактын ар бир айыл башчылары аркылуу Элдин салымы чогулду. Мисалы шаардык Кеңештин депутаты Аллаз Асанович Халбеков бир каананы толугу менен ремонттоп берди.»- дейт өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун Отличниги, «За заслуги» медалынын ээси Бакыт Сапаркулов.
Кабарчы: Б. Юсупова