Нарын районуна караштуу Учкун айылында 17-ноябрда түнкү саат 23:29дарда жер титирөө байкалды. Жер титирөө оор кесепетин алып келген жок.
Айрым үйлөрдө бир аз жаракалар пайда болду. Kloop.kg сайтынын маалыматына таянсак? жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, күчү 7 баллга жеткен. Ошто – 6, Өзгөндө – 5-6, Жалал-Абадда — 4-5. Эч кандай жабыр тартуулар жок.
Учкун айылынын тургуну Нарынбек Абдыжапаров жер титирөөнү сезгенин айтат.
“Мен жер титирөө болуп жатканда үйдө отургам. Бир маалда эле асмашамдар кыймылдап, жер силкине баштады да, эки жолу кайталанды. Эч кандай кесепетин алып келген жок”, — дейт.
Ал эми дагы бир тургун Зарина Кайыпова бир аз жарака болгонун айтат.
“Жер титирөө оор кесепет алып келген жок. Ошто катуу болду деп уктум. Бирок менин үйүмдүн дубалдарында бир аз жаракалар болду”, — деди ал.
Жердин силкинишин мектеп окуучулары да сезишкен.
“Биз үй-бүлөбүз менен уктайлы деп жатканбыз. Анан жер титирөө башталганда бир аз коркуп кеттик”, — дейт Нурбакыт Бейшенбай уулу.
Айылда оор кесепет болбогону менен, айрым маалыматтар боюнча Оштун Кара-Суу районунда үй-тамдар жараксыз абалга келген.
Даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Жанара Асанкул кызы.
Сынак үчүн