Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаай баштады. Аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.
Айыл тургундары кышка толук даяр. Жашоочулар малга тоют, отун, көмүр менен камсыз болушкан. Кардын жаашы тургундарга кедергисин тийгизген жок.
Аба ырайын билдирүүчү pogoda.kg сайтында Нарын райондорунда алдыңкы күндөрдө кар жаабай тургандыгы көрсөтүлгөн. 22-ноябрга чейин аба ырайы бир аз жылып, 2-3 градуска чейин жетет.
Белгилеп кетчү нерсе, 27-октябрь күнү кар аралаш жаан жаап, дароо эле эрип кеткен.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы, Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн