2018-жылдын декабрь айынан тартып, 2019-жылдын октябрь айына чейин «Бабушка Эдопшн» Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалы Сүлүктү шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте «Сүлүктү шаарындагы Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандар үчүн Күндүзгү келип-кетүү борборун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырып баштады.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан каржыланып жатат.
Бул тууралуу «Бабушка Эдопшн» Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалынын директору Алмаз Рахманов билдирди. Анын айтуусу боюнча долбоорго Сүлүктү шаарындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган, жарандар, жалгыз бой карылар жана социалдык кызматкерлер, дарыгерлер, мээрбан айымдар жана аймактык аялдар Кеңешинин төрайымдары тартылган.
«Долбоордун максаты, Сүлүктү шаарындагы улгайган жарандардын Күндүзгү Борбору базасында аялуу үй-бүлөлөрдөгү пенсионерлерге жана жалгыз бой жашаган карыларга жигердүү карылыкты стимулдаштыруу менен инновациялык практиканы жана эффективдүү методиканы киргизүү аркылуу социалдык колдоо көрсөтүү, шаардагы күндүзгү борбордо көрсөтүлүүчү кызматтардын системасын түзүү жана калыптандыруу болуп саналат.
Долбоордун алгачкы иш-чарасы тегерек стол менен башталды. Аталган тегерек столго карылар жана социалдык кызматкерлер, дарыгерлер, мээрбан айымдар жана аймактык аялдар Кеңешинин төрайымдары катышып, долбоор тууралуу маалыматтарга ээ болушту жана долбоордун ишине ийгилик каалашты»,- дейт долбоордун координатору Алмазбек Рахманов. Даярдаган: Айзада Эркинова