
Тренингдин катышуучулары практикалык иш учурунда
Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы мэриянын, шаардык Кенештин, мамлекеттик уюмдардын жаш адистерине жана социалдык долбоорлордун волонтерлору-фасилитаторлоруна социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, долбоордук сунушутаманы жазуу боюнча кичи тренингдер өтүлдү. Кичи-тренинг Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашты.

Жаш адистер
“Тренингдин максаты Сүлүктү шаарындагы жаш адистерге социалдык долбоорлорду жазууну үйрөтүү. Сүлүктү шаардык мэриясынын, шаардык Кеңештин, шаардык маданият бөлүмүнүн жана ар бир мектептин жаш мугалимдери болуп, жалпысынан 40 ашуун катышуучу катышты”,-дейт тренер Бакытбек Сапаркулов.

Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты Б Сапаркулов тренинг учурунда
“Тренинг шаарыбыздын жаштары үчүн өтө керектүү учурда болду. Анткени Баткен облусу, анын ичинен Сүлүктү шаары коомчулуктарды колдоо CASA-1000” долбоору камтыган аймакка киргендиктен, бул долбоордун алкагында Ага Хан фондунун каржылоосу менен, социалдык мекемелерге инфраструктуралык долбоорлор, ошондой эле жергиликтүү коомчулукка чакан бизнести өнүктүрүү боюнча гранттар ишке ашмакчы болуп турат.
Ушул себептен кичи-тренингдин катышуучуларына Ага Хан Фондунун Баткен облусундагы өкүлү Тахмина Алимбекова жана коомчулуктарды колдоо CASA-1000 долбоорунун Лейлек району боюнча эксперти Дилшат Мавляновдор маалымат беришти. Кичи-тренингди колдоп берген Ханнс Зайдель Фондуна ыраачылык билдирип кетким келет”,- дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.

Кичи-тренингдин катышуучулары
“Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу боюнча CASA-1000 долбоорунун алкагында CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору электр чубалгыларына жакын жайгашкан айылдарды жана коомчулуктарды инвестициялар менен камсыздайт, чакан гранттарды берет.
Бул каржылоо коомчулуктарды эленктр энергия менен камсыздоону, башка негизги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жана жаңы киреше булактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, — дейт Долбоордун Баткен облусу боюнча өкүлү Тахмина Алимбекова.

Ага Хан фондунун Баткен облусу боюнча өкүлү Тахмина Алимбекова
“Коомчулуктун мүчөлөрү, жаштардын жана аялдардын камтылуусу менен биргеликте гранттарды пайдалануу үчүн чечим кабыл алууда долбоорлорду ишке ашырууда активдүү катышуу үчүн биригишет”- дейт CASA-1000 долбоорунун Лейлек району боюнча эксперти Дилшат Мавлянов.

АРИСтин Лейлек району боюнча өкүлү Дилшат Мавлянов
“Кичи-тренинг аябай пайдалуу болду, Ханнс Зайдель Фондунун бүтүрүүчүсү, тренер Бакытбек Сапаркулов 2007-жылдан бери социалдык долбоорлорду ишке ашырып келгендиктен, мол тажрыйбасынан бөлүштү. Өзүм 2003-жылдан бери көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келсем да бул тренингде пайдалуу маалыматтарды көп алдым”, — дейт тренингдин катышуучусу Мусуратилла Исканов.

Мусуратилла Исканов

Кичи-тренингдин эн активдуу катышуучулары
Барчынай Алимова