Сүлүктү шаарындагы В. И. Ленин атындагы №1-орто мектептин спорт залында «Биз СПИДге каршыбы» аттуу флеш-моб өткөрүлдү. Иш чарага Сүлүктү боюнча бардык мектептердин, техникалык лицей жана гимназиянын 9-11 класс окуучулары болуп миңге жакын жаштар катышты. «Бул иш чарада бардык жагынан эң мыкты көрсөткүчтөргө жетип, биринчи орунду Сүлүктүдөгү №9-мектеп гимназиясы жеңип алды»- дейт калыстар тобунун төрайымы Ойсара Худайназарова. «Гимназисттерибиз өз алдынча даярданышты, 11-класстын окуучулары демилге көтөрүп, калган класстар колдоп, иш чара максатына жетти»- деп гимназиянын соц педагогу Ракыя Молдоканова маалымат берди. Даярдаган Айзада ЭРКИНОВА