«Көптөгөн окурмандардын суранычынан улам Гапыр Мадаминовдун жаңыдан басмадан чыгып али сыясы кургай элек китептеринен Сүлүктүгө да келди. Агайдын китептерин жалпы Кыргызстан түп көтөрө окуй баштагандыктан бизге чектелүү эле санда бөлүндү»- дейт Гапыр Мадаминовдун Сүлүктү шаарындагы шакирти Бакытбек Сапаркулов. «Агайдын мугалимдер, студенттер, окуучулар үчүн арналган Акыл эмгегинин маданияты китеби: -эффективдуу билим алууну -өз алдынча өнүгүүнү-убакытты туура пайдаланууну -чет тилдерди өз алдынча өздөштүрүүнү -билимдерди системага салууну -экзамен, зачет, ОРТ, олимпиадага даярданууну -ойлоо жөндөмүн өстүрүүнү -чет өлкөдө билим алуу сырларын үйрөнүүнү каалаган студенттин, окуучунун китеп текчесинде сөзсүз бар болушу керек болгон «MUST HAVE» китеп. Бул китеп 20 жылдан ашык педагогикалык тажрыйбасы бар, ушул китептеги методика менен окуган окуучулары Америка, Малайзия, Германия, Кытай өлкөлөрүндө , өзүбүздүн ЖОЖдордо бюджетте окуп жаткан, Кыргыз элине эмгек синирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты- Гапыр Мадаминов тарабынан 11- жолу!!! толуктоолор менен басмадан чыгып жатат. Бир эле окумуштуунун китеби окурмандардын суроо талабы менен он бир жолу басмадан чыккандыгы дүйнөдө өтө сейрек көрүнүш. Бизде эмне жакшы жетишкендиктер болгон болсо дал ушул Акыл эмгегинин маданияты, ата энелер сиздер үчүн жана ой Өрүшү кругозор китептери себептүү болгон»- дейт Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамова. «Балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жатканда окуу түшүнүү боюнча кыйынчылык болсо Гапыр Мадаминовдун Ой өрүшү кругозор китебин колдонуу өтө пайдалуу. Жалаң эле окуучулар эмес жалпы акыл эмгеги менен иштегендер үчүн да зарыл»- дейт гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы Дилара Шералиева. «Китеп алууну каалагандар гимназиянын китепканачысы Гүлсүн Каракуловадан же 0772-98-88-10 (тел жана ватсап) аркылуу кошумча маалымат алса болот»- дейт Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Айзада ЭРКИНОВА