Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды.
«Волонтёр болуу үчүн эки этаптан турган тандоодон өттүк. Биринчи этабында анкета жана эмне үчүн волонтёр болууну каалагандыгыбызды билдирген өтүнмө жөнөткөнбүз. Экинчи этабында аңгемелешүү болду. Тандоодон өткөндөр Бишкек шаарында эки күндүк курстан өттүк. Мындан ары да окуулар болуп турат»,- дейт волонтёр Нургүл Халжигитова. «ЮНИСЕФке волонтёр болуу үчүн өтүнмө берип, конкурста катышуучу өтө көп болду. Тандоодон ийгиликтүү өтүүбүздүн себеби, биздин гимназияда сабактан кийин коомдук уюмдар менен да иштешип келебиз. Мисалы 10-класстан бери Тынчтык демилгелери фондунун дебат клубуна катышабыз. Топтун башчысы, классташым Нургүл Халжигитова. Топту Бакытбек Сапаркулов агайыбыз түзүп жетектеп келет»,- дейт волонтёр Кызжибек Самадова.
«Мен 9-классымдан баштап Кошбулак жамааттык мультимедиа борборунда волонтёрдук негизде кабарчы болуп иштеп келемин. Сабактан бош болгонумда кабар жазамын, аны агайым Бакытбек Сапаркулов редакциялап, сайтка жайгаштырат. Жамааттык кабарчы катары бир нече жолу тренингдерге катышып, сертификат алууга жетишкенмин. Ысык-Көлдө өткөрүлгөн жаматтык кабарчылардын курсуна да катышып билим алганмын»,- дейт Канайым Абдигапарова.
Даярдаган: Мусуратилла Исканов